Маадалиева Бегайым Мамасадыковна

Маадалиева Бегайым Мамасадыковна

Бухгалтер кассир иштери боюнча жетектөөчү адис

Маадалиева Бегайым  1991-жылдын 17- февралында Баткен областынын, Баткен районунун Боз-Адыр айылында туулган. 1997- жылы Кара-Токой орто мектеби азыркы Б.Акматов орто мектебинин ак босогосун аттаган. Татыктуу билим алып, 2001- жылы Кара- Токой гимназиясына өтүп, 2008- жылы окуу артыкчылык менен ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдын сентябрь айында Ош Мамлекеттик Университетинин финансы экономика факултетине тапшырып, экономист финансист адистигин аяктаган.
2011 - жылдын июль айынан Баткен райондор аралык социалдык жактан коргоо жана миграция башкармалыгында социалдык кызматкер жана төлөө бөлүмдөрүндө  иштеген. 2024- жылдын апрель айынан баштап Кара-Булак айыл өкмөтүндө азыркы Суу-Башы айыл өкмөтүндө бухгалтер кассир иштери боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенип келет.