Жаңылыктар

15.10.2025 49

Зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

Зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы С. Эрматов, З. Абдукаримов, Б. Акматов, Б. Мергенов жана «Кара-Токой» жатак мектептеринде зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чарага райондук администрациянын, билим берүү бөлүмүнүн жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, окуучуларга жана мугалимдерге зомбулуктун кесепеттери, укуктук жоопкерчилик, коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул иш-чаралардын максаты — жаш өспүрүмдөрдүн укуктук маданиятын жогорулатуу жана коомдо зордук-зомбулук көрүнүштөрүн алдын алуу болуп саналат.