Жаңылыктар

09.03.2026 3

Зордук зомбулукка каршыбыз урааны менен райондук шахмат биринчилиги өттү.

Зордук зомбулукка каршыбыз урааны менен райондук шахмат биринчилиги өттү.

7-март 2026-жылы Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында шахмат боюнча райондук деңгээлдеги турнир өткөрүлдү. Иш-чара шахмат федерациясынын уюштуруусунда өтүп, ага райондун ар кайсы аймактарынан келген шахмат сүйүүчүлөрү активдүү катышты. Мелдештин негизги максаты — жаштарды жана тургундарды акыл-эс оюндарын өнүктүрүүгө тартуу, бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү, ошондой эле коомдогу кылмыштуулук менен зордук-зомбулуктун алдын алууга салым кошуу болуп саналат. Турнирдин жыйынтыгында алдыңкы орундарды багындырган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана медалдар сыйланышты.