Жаңылыктар

26.03.2026 11

ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК ЖАНДАНДЫ

ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК ЖАНДАНДЫ

Айыл аймагыбызда жазгы талаа иштерине даярдык иштери активдүү жүрүп жатат. Учурда дыйкандар айдап-себүү мезгилине кам көрүп, сугат системаларын калыбына келтирүү жана тазалоо иштерине өзгөчө көңүл бурушууда. Аймактагы ички арыктарды тазалоо, оңдоо жана суунун үзгүлтүксүз агышын камсыздоо багытындагы иштер техникалардын жардамы менен жана тургундардын катышуусундагы ашар ыкмасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүп, алдыдагы түшүмдүн мол болушуна негиз болот. Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын даярдоо, үрөн камдоо жана жер аянттарын иштетүүгө карата иш-чаралар да ырааттуу аткарылууда. Айыл тургундары биргелешип аракет кылуу менен жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүүгө умтулуп жатышат. Жалпы жамааттын биримдиги жана эмгекчилдиги айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, келечектеги жакшы жыйынтыктардын пайдубалын түптөөдө.