Жашы жете элек өспүрүмдөрдү мыйзамга каршы жана кооптуу жумуштарга тартууга жол берилбейт. Балдардын негизги милдети – билим алуу жана коопсуз шартта өсүп-өнүгүү. Өспүрүмдөрдү оор жумуштарга тартуу алардын ден соолугуна жана келечегине олуттуу зыян келтирет. Ошондуктан ар бир жаранды балдардын укуктарын сактоого жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырабыз.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 07-апрель күнү айыл аймагында жашы жете элек балдарды мыйзамсыз эмгекке тартууну алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө тиешелүү объектилер текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Урматтуу тургундар, мындан ары да балдарыңыздарды ар кандай жумуштарга тартпоого чакырабыз. Мыйзам талаптарынын аткарылышы катуу көзөмөлдө болот.