2025-жылдын 4-июнунда Суу Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аймактык бирикменин (КААБ) демилгеси менен Боз-Адыр, Кара-Булак, Кара-Токой жана Бужум айылдарындагы орто мектептердин окуучуларынын арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле достукту, ынтымакты жана биримдикти чыңдоо болду.
Мелдештин алкагында ар түрдүү спорттук таймаштар уюштурулуп, катышуучулар жигердүүлүгүн жана ынтымакты көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар жана катышуучулар аныкталып, айыл өкмөтү тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Бул иш-чара жаш муундар арасында сергек жашоо образын калыптандырууга, бири-бирине болгон сый-урматты бекемдөөгө жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланат.