Суу-Башы айыл аймагына караштуу Жаңы Достук конушунда жарандар үчүн түзүлүп жаткан шарттар күндөн-күнгө жакшыртылып, жаңы конуштун инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир топ иштер жасалууда. Айыл өкмөт башчысы Д. Маканов жана Баткен районунун акими Д. Иманалиев учурда айылда болуп, жүрүп жаткан иштердин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөп, тургундар менен түз баарлашуу аркылуу алардын пикирин, муктаждыктарын жана сунуштарын угуп, тиешелүү маселелерди ыкчам чечүүгө активдүү катышып келишет. Жаңы конушта тургундар үчүн бардык шарттарды түзүү максатында бир катар ири иштер аткарылды. Айылда заманбап талаптарга жооп берген турак үйлөр салынып, ички жолдор толугу менен асфальтталып, таза ичүү суусу туташтырылды. Учурда ар бир үйдүн алды атайын техникалардын жардамы менен грейдерден өткөрүлүп, тегизделүүдө. Мындан сырткары, облустук жана айыл аймактык бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен социалдык инфраструктураны жакшыртуу, жашоо сапатын көтөрүү боюнча чаралар системалуу түрдө уланууда. Айылдагы негизги социалдык маселелердин бир катары өз учурунда чечилип, калктын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү багыты боюнча иштер токтоосуз жүрүүдө. Айыл өкмөт башчысы күн сайын баардык иштердин жүрүшүнөн кабар алып, жарандардын муктаждыктарын угуп, жаңы конуштун толук кандуу калыптанышы үчүн көзөмөлдү күчөтүп келет. Жергиликтүү бийликтин айтымында, мындан аркы күндөрдө да Жаңы Достук конушунун инфраструктурасын өркүндөтүү, жашоо шарттарын жакшыртуу жана социалдык колдоону кеңейтүү багытындагы иштер үзгүлтүксүз улантылат.