Кечее 17-май күнү, Суу-Башы айыл аймагында санитардык-тазалоо жана аймакты көрктөндүрүү максатында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана аймактагы мекеме-ишканалардын жамааттары жигердүү катышып, көчөлөр, коомдук жайлар жана мекеме аймактары тазаланып, иретке келтирилди. Суу-Башы айыл өкмөтү бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет жана келечекте дагы аймакты таза, жашыл жана көрктүү кармоого чакырат!