Жаңылыктар

26.03.2026 27

ЖАЙЫТ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖАЙЫТ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Айыл аймагында жайыт пайдалануучуларга жана чекене кайтарган койчуларга карата малды идентификациядан өткөрүү, өз убагында эмдөө (каршы уколдорду алуу) жана жайытка туура чыгаруу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан малды милдеттүү түрдө идентификациялоонун мааниси, ветеринардык талаптарды так сактоо, ошондой эле малдын ден соолугун коргоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Айрыкча, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эмдөөлөрдү өз убагында алуу зарылдыгы белгиленип, жайытка чыгарууда тартипти сактоо боюнча сунуштар айтылды. Жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу, малдын коопсуздугун камсыз кылуу жана жайыт ресурстарын сактоо маселелери да кеңири талкууланды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү айыл чарбасын өнүктүрүүгө, мал чарбачылыгын жакшыртууга жана жайыттарды туура пайдаланууга шарт түзөт.