Урматтуу Суу-Башы айыл аймагынын тургундары! Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Кыргыз тили — ата-бабабыздын мурасы, улуттук баалуулугубуз жана эгемендүүлүгүбүздүн негизги таянычы. Тил аркылуу биз тарыхыбызды, маданиятыбызды, үрп-адаттарыбызды муундан муунга өткөрүп келебиз. Бул күн — ар бирибизди мамлекеттик тилибизди даңазалоого, аны таза жана туура колдонууга, жаш муундардын жүрөгүнө сиңирүүгө чакырат. Ар бир үй-бүлөдө, ар бир мекемеде кыргыз тилин урматтоо менен гана биз анын түбөлүк жашоосуна салым кошо алабыз. Ушул ыйык тил майрамыңарда Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ырыскы жана береке каалайбыз! Кыргыз тилибиз дайыма жашап, улутубуздун даңкы арта берсин!
Кыргыз тили — биздин сыймыгыбыз!