Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү мамлекеттик чечимдерге ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин токтому менен айыл аймактагы салтанаттуу иш-чаралардын (түрүнө карабастан) коомдук жайларда өткөрүлүүчү убактысы кечки саат 22:00 гө чейин деп белгиленди. Бул чечим — ар бирибиздин тынч жашообузду камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо үчүн маанилүү. Сиздерден белгиленген убакытка баш ийип, коомдук тартипти бирге сактап берүүнү өтүнөбүз. Саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда майрам өткөрүүгө уруксат берилбейт.