Суу-Башы айыл өкмөтү Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жана Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун (АЖМФ) жерлерин ижарага берүү максатында ачык тоорук (аукцион) өткөрүлөрүн жарыялайт.
Тоорук Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ачык түрдө өткөрүлөт.
Жер тилкелери жөнүндө маалымат: Жалпы аянты: 1,74 гектар (муниципалдык менчик) АЖМФ жерлери: №364, №363, №320, №90-контурлар
Ижара мөөнөтү: 5 жыл
Баштапкы ижара төлөмү: Бир жылдык ижара төлөмүнүн баштапкы суммасы 943 200 (тогуз жүз кырк үч миң эки жүз) сом болуп белгиленген. Тоорукка катышуу үчүн кепилдик төлөм: 94 320 (токсон төрт миң үч жүз жыйырма) сом (баштапкы ижара төлөмүнүн 10 пайызы) Кепилдик төлөм белгиленген эсепке алдын ала төлөнүп, аны тастыктаган документ катышуу үчүн берилүүчү документтерге тиркелүүгө тийиш.
Тоорукка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер: Айыл өкмөтүнүн башчысынын атына жазылган арыз Паспорттун көчүрмөсү Кепилдик төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ
Арыздарды кабыл алуу тартиби: Арыздар жарыя сайтка жарыяланган күндөн тартып кабыл алынат Акыркы мөөнөт: аукцион өткөрүлгөн күнгө чейин 5 күн калганда токтотулат
Тоорук өткөрүү мөөнөтү жана жери: Тоорук жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин өткөрүлөт Дареги: Бужум айылы, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн имараты Башталышы: саат 10:00
Кошумча маалымат: Кошумча маалыматтарды Суу-Башы айыл өкмөтүнөн алууга болот.