Жаңылыктар

11.07.2025 9

Суу бөлүштүрүү маселеси жеринде талкууланды

Суу бөлүштүрүү маселеси жеринде талкууланды

09.07.2025-ж Суу-Башы айыл аймагындагы Ширеч насостук бекетинде жаралган суу жеткирүү маселесине байланыштуу,  Баткен районунун акими жана айыл өкмөтүнүн башчысы биргеликте жерине барып, кырдаал менен таанышты. Суунун деңгээлинин көтөрүлүшү натыйжасында суу бөлүштүрүүчү жай жабыркап, дыйкандар үчүн сугат суу жеткирүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралууда.

Айыл өкмөт башчысы жана райондук жетекчилик жаралган кырдаалды тез арада чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында зарыл чаралар көрүлө турганын билдиришти. Маселе көзөмөлгө алынган.