2025-жылдын 7-июнунда Баткен районунда коомдук жана мамлекеттик ишмер Элчибек Эркебаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өттү. Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул мелдешке райондогу айыл өкмөттөрдүн 8 курама командасы катышты.
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн командасы жигердүү оюн көрсөтүп, биринчи орунду камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары, Элчибек Эркебаевдин үй-бүлөсү жана Алтын-Бешик айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Бул жеңиш — биздин команданын биримдигинин жана аракетинин жыйынтыгы. Суу-Башы айыл өкмөтү спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды сергек жашоого үндөөгө ар дайым колдоо көрсөтөт.