Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү буйругунун негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына Шамшиев Таалайбек Камчыбекович дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчи эмгек жамаатына расмий түрдө тааныштырылып, ага жооптуу кызматындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтер кааланды. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча алдыда турган негизги милдеттер белгиленди.
Таалайбек Камчыбекович көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Суу-Башы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү жана мыйзам талаптарына ылайык натыйжалуу иш алып баруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жамааты жаңы жетекчиге ийгиликтүү эмгек жолун, жооптуу кызматында жогорку жетишкендиктерди жана элдин ишенимин актаган үзүрлүү иштерди каалайт.