Жаңылыктар

13.08.2025 10

Суу-Башы айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу техникалар тапшырылды

Суу-Башы айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу техникалар тапшырылды

27.07.2025-жыл Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында санитардык абалды жакшыртууга багытталган маанилүү иш-чара өтүп, атайын таштандыларды ташуучу техникалар тапшырылды. Жаңы техникалар мындан ары «Кара-Булак» муниципалдык ишканасы тарабынан колдонулуп, Суу-Башы айыл аймагындагы аймактарда таштанды чыгаруу жана тазалык иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул – айыл өкмөтүнүн аймагын ирээтке келтирүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган кадамдардын бири. Техникаларды тапшыруу учурунда Баткен районунун акими да катышып, жергиликтүү тургундар жана кызматкерлер менен жолугушуп, тазалыкты сактоо боюнча сунуш-пикирлерин айтып, жооптуу тараптарга тиешелүү тапшырмаларды берди. Айыл өкмөтү өз кезегинде жарандарды бул техникаларды туура пайдаланууга, таштандыларды урундалган жерге таштоого жана бирге тазалыкты сактоого чакырат.