Жаңылыктар

02.06.2025 9

Суу-Башы айыл өкмөтү эл аралык фестивалга келген конокторду тосуп, коноктоп узатты

Суу-Башы айыл өкмөтү эл аралык фестивалга келген конокторду тосуп, коноктоп узатты

2025-жылдын 30-май күнү, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын маданият кызматкерлеринин катышуусунда өтүп жаткан эл аралык маданий фестивалдын алкагында Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылына конок болгон меймандарды тосуп алуу жана узатуу иш-чарасы уюштурулду.

Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан коноктор Кара-Булак айылындагы Муз Булак эко паркында жылуу маанайда тосуп алынып, кыргыз элинин меймандостук салтына ылайык сый көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү табигый кооз жерлер, эко парк жана айыл аймактын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди.

Баткен райондук маданий өкүлдөрү конокторго жагымдуу маанай тартуулап, эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө өз салымын кошушту. Коноктор ыраазычылыгын билдирип, жергиликтүү элдин меймандостугуна жогору баа беришти.

Суу-Башы айыл өкмөтү мындай иш-чаралар аймактар ортосундагы ынтымакты, маданий байланыштарды жана эл аралык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенет.