2024-жылы өлкө боюнча өткөрүлгөн “Эң мыкты айыл өкмөт” мамлекеттик сынагынын жыйынтыгы боюнча Баткен районундагы Суу-Башы айыл өкмөтү 1-орунду ээлеп, республика чемпиону аталды. Бул жеңиш менен айыл өкмөтү 3 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясында өтүп, баалуу байгени Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өзү тапшырды.
Сынактын алкагында айыл өкмөттөр бир нече негизги багыттар боюнча бааланды. Алардын катарында:
- социалдык-экономикалык абал,
- инфраструктуранын деңгээли,
- коомдук коопсуздукту камсыздоо,
- көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери,
- ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү, ж.б.
Суу-Башы айыл өкмөтү бул тармактардын ар биринде жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, мыктылардын сап башына чыкты.
Бул ийгилик – айыл өкмөтүнүн эмгекчил жамааты менен жергиликтүү тургундардын тыгыз кызматташуусунун, ынтымагынын жана биргелешкен аракетинин үзүрү. Жеңиш менен жаратмандыкты айкалыштырган Суу-Башы айыл өкмөтү мындан ары да үлгүлүү ишмердүүлүгүн уланта берет!