Бужум айылынын 1987-жылы туулган тургундары быйыл 20 жылдык мааракелерин белгилөө алдында өзгөчө саамалыкты ишке ашырышты. Алар классташтары — турмуш шарты оор, жардамга муктаж Амалова Заринага үй салып беришти.
Демилге жергиликтүү жарандардын ыктыярдуу колдоосу менен ишке ашып, айыл өкмөтү тарабынан Зарина үчүн жер тилкеси бекер бөлүнүп берилди. Аталган үйлүү кылуу иши биримдиктин, боорукерликтин жана адамгерчиликтин үлгүсү болуп калды.
— Бул үй биздин мааракебиздин эсте кала турган эң маанилүү иши болуп калды. Биз материалдык жардамдан да мурда бир классташыбызга үмүт жана тирек бере алганыбызга сыймыктанабыз, — деп белгилешти демилгечи классташтар.
Айыл тургундары бул ишти жогору баалап, башка жаштарга өрнөк боло турган саамалык катары кабыл алышты.