2026-жылдын 26-февралында саат 10:00дө Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы болуп өттү. Сессияга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер коюлуп, каралды:
1-маселе:
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мансуров баяндама жасады.
Баяндамада 2025-жыл ичинде аткарылган иштер, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык тармактагы жетишкендиктер жана калкты социалдык жактан колдоо багытындагы иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди. Депутаттар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет канааттандырарлык деп табылды.
2-маселе:
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планы жана 2027–2028-жылдар үчүн болжолдуу долбоору каралды. Бул маселе боюнча да айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мансуров маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бюджеттин негизги багыттарына, артыкчылыктуу чыгымдарга жана алдыдагы жылдарга карата пландалган иш-чараларга токтолушту. Натыйжада 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган планы жана 2027–2028-жылдарга болжолдуу долбоору бекитилди.
3-маселе:
Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндө Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү маселеси каралды.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 26-февралындагы №024/24/08-6/125 сандуу чыгыш катынын негизинде маалымат берилди.
Талкуунун жыйынтыгында айылдык кеңештин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилип, мекеме-ишканалар үчүн таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйым ар бир кызматкерге 100 сом өлчөмүндө бекитилди. Ошондой эле калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу жана төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленди.
Сессиянын жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.