Суу-Башы айыл аймагына караштуу Достук жерлигинде аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери, ошондой эле райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында аймакты жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы 500 даана арча көчөтү отургузулду. Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү тазалоо, аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар айыл аймагын көрктөндүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин арттырууга багытталган. Суу-Башы айыл өкмөтү мындан ары да аймакты жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо багытындагы иштерди уланта берет.