2025-жылдын 20-сентябрында Суу-Башы айыл аймагында иреттүүлүктү жана тазалыкты сактоо максатында жалпы ишембилик уюштурулду. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн аппараты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жигердүү катышып, өз салымдарын кошушту. Ишембилик учурунда негизги жолдун эки тарабы, ошондой эле мекеме-ишканалардын айланасы ирээтке келтирилип, чөптөр орулуп, таштандылар тазаланды. Бул демилге коомдук жайларды көрктөндүрүү жана таза аймак түзүү багытында маанилүү кадам болду. Айыл өкмөтү ишембиликке активдүү катышкан мекеме-ишканаларга ыраазычылык билдирет жана бардык тургундарды таза аймак үчүн бирге аракеттенүүгө чакырат.