Жаңылыктар

13.08.2025 10

Суу-Башы айыл аймагында мыйзамсыз курулуштар бузуларын эскертебиз.

Суу-Башы айыл аймагында мыйзамсыз курулуштар бузуларын эскертебиз.

Суу-Башы айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды ирээтке келтирүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерүү жана чечим кабыл алуу иштери башталганы турат. Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына жана Президенттин «Жерлерди өз алдынча мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана токтотуу чаралары жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мыйзамсыз курулуштар аныкталган учурда аларды мыйзам чегинде бузуу чаралары көрүлөрүн *эскертебиз*. Айыл өкмөтү жарандарды жерди мыйзамдуу пайдаланууга жана укуктук эрежелерди сактоого чакырат. Жер ресурстарын туура пайдалануу жана келечекте мыйзам бузууга жол бербөө — ар бир жарандын милдети.