Бүгүн, Суу-Башы айыл аймагында айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан мекеме жана ишканалардын жетекчилери, мектептердин, бала бакчалардын, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, маданият үйүнүн жана китепкананын жетекчилери менен кеңири жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө айыл аймагындагы бир катар маанилүү маселелер талкууланып, төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:
1. Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк тынчтыкты сактоо;
2. Жаштар арасында суициддин алдын алуу жана психологиялык колдоо иштерин күчөтүү;
3. Билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана тарбиялык иштерди өркүндөтүү;
4. Алдыдагы шайлоо процессине карата мыйзамдуулукту сактоо жана ар бир кызматкердин үгүт иштерине аралашпоосу;
5. Турак жайларды камсыздандыруу боюнча;
6. Айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, коомдук жайларды иретке келтирүү жана экологиялык маданиятты жогорулатуу;
7. Коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу.
Айыл өкмөт башчысы жыйында ар бир жетекчиге мыйзамды так сактоо, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу, жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кесиптик жана тарбиялык иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп өттү. Ошондой эле ар бир жетекчи бул талаптарды өз кызматкерлерине жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тапшырылды.
Жыйындын соңунда тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө болору айтылды.