Бүгүн Боз-Адыр айылында айыл өкмөтүнүн жана тиешелүү мекемелердин колдоосу менен "Сүлүктү кен" шахтасынын көмүрү элге жеткирилди. Жалпысынан 750 кап көмүр айыл тургундарына арзандатылган баада — 330 сомдон таратылды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — калкты кышкы отун менен камсыздоо, социалдык жактан муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү жана жашоочулардын кышкы шартта көйгөйсүз жашоосун камсыз кылуу болуп саналат.