Жаңылыктар

18.09.2025 11

Суу-Башы айыл аймагында коомдук угуу өттү

Суу-Башы айыл аймагында коомдук угуу өттү

Суу-Башы айыл аймагында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өтүп, жыйынга айыл өкмөт башчысы Д. Маканов, айылдык кеңештин төрагасы К. Шакиров, орун басар – жооптуу катчы А. Икрамидин уулу жана айыл өкмөттүн кызматкерлери катышты. Талкууда айыл аймактын киреше жана чыгаша бөлүктөрү каралып, жарандар тарабынан сунуштар айтылып, суроолорго жооптор берилди. Коомдук угуулар жарандардын жергиликтүү башкарууга активдүү катышуусун камсыздап, бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.