2025-жылдын 10-октябры күнү Суу-Башы айыл аймагында айылдык кеңештин кезектеги XIV сессиясы болуп өттү.
Сессиянын жүрүшүндө «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» маселе жана бир катар ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйындын жыйынтыгында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун жыйынын өткөрүү, жарандардын жалпы жыйындарында делегаттарды тандоо тартиби, айылдарда өткөрүлө турган жыйындардын графиги жана жумушчу топтун курамы бекитилди.