2026-жылдын 24-март күнү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы өткөрүлдү.
Сессия Суу-Башы айыл өкмөтүнүн имаратында өтүп, анда бир катар маанилүү маселелер каралды. Күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер талкууланды:
Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылдагы аткарган иштери, ошондой эле 2026-жылга карата планы жана бюджети;
Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу маселелери;
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу мүмкүнчүлүктөрү;
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга даярдык;
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалымат;
Ар түрдүү маселелер.
Сессиянын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.