2026-жылдын 13-апрелинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы өткөрүлдү. Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген бир катар маанилүү маселелер каралып, ар тараптуу талкуулар жүргүзүлдү. Атап айтканда, Кара-Булак элдик музейинин имаратын жана экспонаттарын тиешелүү министрликтин балансына өткөрүп берүү маселеси, “Айгүл-Таш” жана “Бужум” жалпы билим берүү мектептерине байланышкан маселелер, ошондой эле башка актуалдуу суроолор каралды.
Мындан тышкары, Кара-Булак айылынан депутат Бакыт уулу Кыялбек өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна белгиленген тартипке ылайык Орозбаев Абдиманнап Адилбекович депутат болуп келди.
Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.