Жаңылыктар

22.05.2026 12

Суу-Башы айыл аймагында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара

Суу-Башы айыл аймагында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара

Суу-Башы айыл аймагында Энелер күнүнө карата уюштурулган сый тамакка айыл аймагыбыздын ардактуу энелери чакырылып, майрамдык маанайда жакшы жолугушуу өттү. Энелерибизге урмат-сый көрсөтүлүп, белектер тапшырылды. Эне — үйдүн куту, үй-бүлөнүн жүрөгү, жашоонун жарыгы. Ар бирибиздин ийгилигибиздин артында энелердин мээрими, ак батасы жана түгөнгүс эмгеги турат. Урматтуу энелер, сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана балдарыңыздардын сый-урматын көрүп, ар дайым төрүбүздүн көркү болуп жүрө беришиңиздерди каалайбыз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, дасторконуңуздар берекеге толуп, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө күбө болуп жүрө бериңиздер! Энелер күнүңүздөр менен!