13.05.2025-жыл Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жана Баткен райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын уюштуруусу менен Бужум айылынын Ш. Токсонов атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, Мигранттар үчүн ресурстук борбору жана социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү тарабынан биргелешкен маалыматтык түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруунун тартиби, коопсуз эмгек миграциясынын негиздери, жеке иш берүүчү агенттиктердин ишмердүүлүгү, migrant.kg сайты аркылуу маалыматтарды туура колдонуу, ошондой эле Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Ошондой эле Англия, Европа мамлекеттери, Түштүк Корея, Түркия жана дүйнөнүн дагы 26 өлкөсүндө иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу так жана ишенимдүү маалыматтар сунушталып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго адистерден түз жооп алышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү тургундарды коопсуз, мыйзамдуу жана маалыматтуу негизде чет өлкөдө ишке орношууга багыт берүү жана аларды керектүү маалыматтар менен камсыз кылуу болду.