01.06.2026-жыл
Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Суу-Башы айыл аймагындагы бардык мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде майрамдык иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында окуучулар жана тарбиялануучулар үчүн концерттик программалар, спорттук мелдештер, сүрөт сынактары, оюн-зооктор жана ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулду. Балдар өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанай тартуулашты.
Майрамдын жүрүшүндө балдардын укуктарын коргоо, алардын билим алуусуна, ден соолугуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө кам көрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, өсүп келе жаткан муунга жакшы тилектер айтылды.
Балдарды коргоо күнү — балдардын бакубат жашоосуна, коопсуздугуна жана жаркын келечегине көңүл бурууга багытталган өзгөчө майрам. Бул күнгө арналган иш-чаралар балдарга кубаныч тартуулап, алардын көңүлдүү эс алуусуна өбөлгө түздү.