29.05.2026-жыл Суу-Башы айыл аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” аземи салтанаттуу маанайда өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага айыл өкмөтүнүн жана мекеме ишкананын өкүлдөрү, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Салтанаттын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөп, билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн алдыңкы мугалимдерге жана окууда ийгиликтерди жаратып келген алдынкы окуучуларга Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталарын тапшырышты. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн келечекте мекенге кызмат кылган билимдүү, тарбиялуу жаштардан болушуна тилектер айтылып, алардын жаңы турмуш жолуна ийгиликтер кааланды.