Жаңылыктар

12.02.2026 10

Суу-Башы айыл аймагында айылдык кеңештин кезектеги сессиясы болуп өттү

Суу-Башы айыл аймагында айылдык кеңештин кезектеги сессиясы болуп өттү

2026-жылдын 10-февраль күнү саат 14:00дө Суу-Башы айыл өкмөтүнүн имаратында Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы болуп өттү. Сессияга айылдык кеңештин депутаттары катышып, күн тартибинде каралган бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйында биринчи маселе катары Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүл-Таш айылынын башкы планын бекитүү маселеси каралды. Бул боюнча айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адиси Сами уулу Жыргалбек баяндама жасап, депутаттар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Экинчи маселе — айыл чарба жерлерин, анын ичинде мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча маселеси болду. Бул маселе боюнча да кеңири талкуу жүрүп, депутаттар тарабынан колдоого алынды. Ошондой эле айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо жана анын баасын бекитүү маселеси каралып, айыл өкмөт башчысы А. Мансуров тарабынан маалымат берилди. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Мындан сырткары, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилди. Бул боюнча айылдык кеңештин төрагасы К. Шакиров баяндама жасады. Сессиянын жүрүшүндө каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алдыдагы иш-аракеттердин багыттары аныкталды.