2025-жылдын 10-июлунда Суу-Башы айыл аймагында кезектеги айылдык кеңештин сессиясы өтүп, анда айыл өкмөт башчысы Данияр Маканов 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча депутаттарга кеңири маалымат берди.
Отчет учурунда социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде жүзөгө ашырылып жаткан иштер, айыл аймактын социалдык абалы, инфраструктура, суу менен камсыздоо, тазалык жана башка багыттар боюнча жетишкен ийгиликтер менен катар көйгөйлүү маселелер да айтылды.
Талкуу жыйынтыгында айылдык кеңештин депутаттары отчетту карап чыгып, айыл өкмөт башчысынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалашты.