30.07.2025-жыл Баткен районунда көп балалуу энелерди урматтоо жана алардын эмгегин баалоо максатында мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Баткен району боюнча жалпы 147 эне “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Сыйлыкка ээ болгондордун катарында Суу-Башы айыл аймагынан да бир топ энелер бар. Жети же андан көп баланы чоңойтуп, элге кызмат кылган 51 эне “Баатыр эне” ордени менен, алты баланы тарбиялап жаткан 96 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Салтанаттуу иш-чарада район жетекчилери энелерге төш белгилерин тапшырып, алардын сабырдуулугуна, эмгегине жана коомдогу ордуна өзгөчө баа беришти. Ошондой эле энелерге ыймандуу, билимдүү, мекенчил балдарды тарбиялап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирилди. Бул сыяктуу сыйлыктар – энелердин орду толгус эмгегине берилген ачык таазим. Суу-Башы айыл аймагынан сыйланган энелерди куттуктайбыз!