17.07.2025-жыл Баткен районунда аз камсыз болгон жана оор турмуштук кырдаалда жашаган жарандарды колдоо максатында атайын социалдык көмөк көрсөтүү иш-чарасы өттү. Анын алкагында, турмуш шартын жакшыртууга кызыкдар болгон жарандарга 150 миң сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз жардам сертификаттары тапшырылды. Суу-Башы айыл өкмөтү боюнча бул жолу 24 тургун ар түрдүү тармактарда өз алдынча ишкердик баштоого мүмкүнчүлүк алышты. Сертификаттар мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, тигүү жана майда соода сыяктуу багыттарга колдонулмакчы. Бул иш-чара жарандардын турмуштук активдүүлүгүн жогорулатуу менен, туруктуу киреше булагын түзүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.