Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагынан ар түрдүү социалдык категориядагы балдар жайкы эс алуу мезгилин пайдалуу өткөрүү максатында “Дары-Булак” ден соолукту чыңдоо лагерине жөнөтүлдү. Бул демилге Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан колго алынып, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, алардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу максатында ишке ашырылды. Лагерге жөнөтүлгөн балдар үчүн ар түрдүү оюн-зоок программалар, спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулуп, алардын сергек жана коопсуз чөйрөдө эс алуусу камсыздалат. Суу-Башы айыл өкмөтү мындан ары да социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдү колдоону улантып, балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу багытында үзгүлтүксүз иштерди жүргүзө берет.