Жаңылыктар

27.11.2025 36

Социалдык контракт алган жарандардын үйлөрүнө мониторинг жүргүзүлүүдө

Социалдык контракт алган жарандардын үйлөрүнө мониторинг жүргүзүлүүдө

Суу-Башы айыл аймагында социалдык контракт негизинде колдоо алган жарандардын турмуштук шарттарын жана аткарылып жаткан иштердин абалын текшерүү боюнча пландуу мониторинг уланууда. Мониторинг иштерине Айыл аймактын социалдык кызматкерлери Балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте катышып, ар бир үй-бүлөгө барып маалымат топтошууда. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандар алган социалдык колдоону туура жана максаттуу пайдалануу деңгээли, үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары, балдардын абалы, ошондой эле социалдык контракттын талаптарынын аткарылышы каралууда. Адистер үй-бүлөлөргө кошумча кеңештерди берип, муктаждыктарына жараша колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды да берип жатышат. орусчага Мониторингдин негизги максаты — социалдык колдоонун реалдуу жыйынтыктарын көрүү, үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга багытталган иштердин эффективдүүлүгүн арттыруу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо.