Жаңылыктар

12.05.2025 9

Салттуу элдик кудайы: өкмөт башчысы эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү укту

Салттуу элдик кудайы: өкмөт башчысы эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү укту

04.05.2025-жыл. Суу-Башы айыл аймагында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген элдик кудайы бүгүн да жогорку деңгээлде өттү. Бул жолу иш-чара Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарында уюштурулуп, ага айыл өкмөтүнүн башчысы катышты.

Элдик кудайы жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, коомду биримдикке чакыруучу, ынтымакты чыңдоочу маанилүү салттуу жөрөлгө болуп саналат. Ар жылы бул иш-чарада айыл өкмөт башчысы катышып, эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуу жана мүмкүн болушунча жеринде чечүү салтка айланган.