Бүгүн Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылында район акими Данир Иманалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жыйынга бир катар мекеме-ишкана жетекчилери да катышып, элдин көйгөйлөрүн угушту.
Жолугушууда айыл тургундары негизги маселелер катары инфраструктура, суу менен камсыздоо, жолдордун абалы жана социалдык колдоо боюнча суроолорун көтөрүштү. Жетекчилер ар бир маселе боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, айрым маселелерди чечүү багытында иш алып барарын белгилешти.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары жаңы дайындалган акимге жана жетекчилерге батасын берип, иштерине ийгилик каалашты.