Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Линбуръ айылында жазгы майрамга карата уюштурулган достук майрамы өткөрүлдү. Бул иш-чарага чектеш жайгашкан Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылынын айыл башчысы жана жергиликтүү тургундар да катышып, коңшулаш элдердин ынтымагын дагы бир жолу бекемдешти.
Майрамдык иш-чаранын алкагында салттуу оюндар, маданий концерттик программалар жана ар кандай кызыктуу иш-чаралар уюштурулуп, эки элдин ортосундагы достук байланышты чыңдоого чоң салым кошулду. Катышуучулар жылуу кабыл алынганын жана мындан ары да мындай маданий алакалар улантылышын кааларын билдиришти.
Бул иш-чара коңшу мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, бир туугандык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.