2025-жылдын 9–14-июнь күндөрү Суу-Башы айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ата-энелери менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында эс алып келишти. Бул саамалык француз тараптар тарабынан уюштурулуп, балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл буруу, ден соолукту чыңдоо жана психологиялык колдоо көрсөтүү максатын көздөдү. Эс алуу учурунда балдар ата-энелери менен чогуу көл жээгинде эс алып, көңүл ачуучу иш-чараларга катышып, жаңы досторду таап, жагымдуу маанайда убакыт өткөрүштү. Бул сапар алардын жүрөгүндө унутулгус эсте каларлык таасир калтырды. Инициатива көтөрүп, колдоо көрсөткөн француз досторубузга ыраазычылык билдиребиз! Ар бир баланын жүзүндөгү жылмаюу — бул чоң жетишкендик!