Жаңылыктар

03.10.2025 13

Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!

Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу мугалимдер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Элдин келечегин калыптандырып, ар бир баланын жүрөгүнө билимдин жана акылмандыктын шооласын чачып, чоң жоопкерчиликти аркалап келе жаткан мугалимдерибизге терең таазим этебиз.

Мугалим — коомдун жарык чырагы, билим менен тарбиянын башаты. Сиздердин мээнетиңиздер менен коомубуз өнүгүп, жаш муундар өз мекенин сүйгөн, билимдүү жана тарбиялуу жарандары болуп өсүүдө.

Бул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чың ыйман, чыгармачылык ийгилик жана иштериңиздерде ар дайым бийик жетишкендиктерди каалайбыз. Сиздердин мээнетиңиздер бааланып, ар дайым урмат-сыйда болуңуздар!