Жаңылыктар

14.04.2026 13

Мототехникаларды туура пайдалануу – экологияны сактоонун негизги шарты.

Мототехникаларды туура пайдалануу – экологияны сактоонун негизги шарты.

Акыркы мезгилде жолсуз аймактарда жүрүүчү мототехникаларды (эндуро, квадроцикл жана башка техникаларды) пайдалануу учурлары көбөйүүдө. Бул көрүнүш жаратылыш аймактарындагы топурак-өсүмдүк катмарынын бузулушуна, жайыттардын деградациясына жана экологиялык абалдын начарлашына алып келүүдө. Айрыкча жаз-жай мезгилинде мындай техникалардын кеңири колдонулушу жайыт жерлерине, жаратылыш ландшафттарына жана суу коргоо аймактарына олуттуу зыян келтирүүдө. Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жаратылышка жана жайыт жерлерине зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик каралганын эскертебиз. Ушуга байланыштуу сиздерди төмөнкүлөрдү сактоого чакырабыз: жолсуз аймактарда мототехникаларды жоопкерчилик менен пайдалануу; жайыт жерлерин, жаратылыш аймактарын жана суу коргоо зоналарын бузбоо; экологиялык коопсуздукту сактоо; белгиленген тартиптерди жана мыйзам талаптарын так аткаруу. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кызматтар менен биргеликте көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Жаратылышты коргоо – ар бирибиздин милдетибиз!