Жаңылыктар

06.10.2025 14

Кышка даярдык иштери башталды!

Кышка даярдык иштери башталды!

Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан элди арзан көмүр менен камсыздоо максатында алгачкы иштер башталды. Бужум айылында “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому тарабынан 25 тонна арзан көмүр таркатылып, айыл тургундарына жеткирилди. Бул иш-чара 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында өткөрүлүүдө. Суу-Башы айыл өкмөтү калктын жашоо-шартын жакшыртуу жана кыш мезгилинде күйүүчү материалга болгон муктаждыгын азайтуу багытында иш алып барууда.  Жакынкы күндөрү көмүр таркатуу иштери айыл өкмөтүнө караштуу башка айылдарда да улантылат.