Бүгүн, Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан “Молдо Жоро” атындагы мечит капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан жамааттын колдонууга берилди.
Бул мечит — кылым карыткан, тарыхый мааниге ээ диний жайлардын бири болуп эсептелет. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө мечиттин дубалдары бекемделип, чатыры жана ички жабдыктары жаңыланып, тегереги иретке келтирилди.
Мечиттин ачылыш аземине айыл тургундары, аксакалдар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы жана жамаат өкүлдөрү мечиттин кайрадан ишке берилиши — жамааттын ынтымагын бекемдөөгө, жаштарды ыйманга жана жакшы тарбияга үндөөгө чоң салым кошо турганын белгилешти.
Айыл эли тарабынан оңдоо иштерине активдүү катышкан жарандарга ыраазычылык билдирилип, мечиттин ишмердүүлүгүнө ийгилик кааланды.