Суу-Башы айыл аймагынын Кык жайлоосунда ишке ашырылып жаткан “Жасалма мөңгү” долбоору ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берилди. Бул экологиялык мааниси чоң болгон долбоор климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу, суу булагын туруктуу сактоо жана жайыттагы малчыларга шарт түзүү максатында ишке ашырылды. Долбоор алкагында атайын курулуш конструкциялары орнотулуп, кышында топтолгон кар жана суу жаз-күз айларында эригенден кийин малчыларга, жайлоодо жашаган тургундарга жана чарбачылыкка пайдалуу суу булагы катары кызмат кылат жана тоолуу аймактарда суу тартыштыгынын алдын алуу жана экосистеманын тең салмактуулугун сактоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул демилге — ФАОнун техникалык колдоосу аркылуу, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундарынын күчү менен ишке ашырылды.