Жаңылыктар

28.05.2026 6

Курман айт – кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы

Курман айт – кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы

27.05.2026-жыл Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан Курман айт майрамынын алкагында кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө бир бодо мал союлуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт таратылып берилди. Бул саамалык элибиздин ынтымагын, боорукерлигин жана жардамга муктаж жарандарга болгон камкордугун дагы бир ирет даңазалады. Курман айт майрамы ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана бакыт алып келсин!