Жаңылыктар

16.05.2025 9

Кожоашкан дарыясынан Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарына агып келүүчү сугат суу каналдары оңдолууда

Кожоашкан дарыясынан Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарына агып келүүчү сугат суу каналдары оңдолууда

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарынын аймактарына сугат суу жеткирүүчү негизги каналдардын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул иштер Кожоашкан дарыясынан башталып, суу каналдары аркылуу эки айылдын айдоо жерлерин сугат суу менен камсыз кылууга багытталган. Учурда адистер жана техникалар тартылып, канал жээктерин тазалоо, бекемдөө жана суу өткөрүмдүүлүгүн жакшыртуу иштери аткарылууда. Максат – айыл чарбасына зарыл болгон сугат суунун үзгүлтүксүз жана жоготуусуз жетишин камсыздоо, дыйкандардын эмгегинин жемиштүүлүгүн арттыруу.